Толкунбек Абдыгуловдун кайсы кызматка барары белгилүү болду

29 сентября 2021 Толкунбек Абдыгуловдун кайсы кызматка барары белгилүү болду

Улуттук банктын төрагалыгынан кетип жаткан Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барарын билдирди.

Белгилей кетсек, учурда парламентте анын отставкасын кабыл алуу маселеси каралууда. Депутаттар Абдыгуловдун кызматтан алынышына негизсиз айыптоолор жана басым болду деп шектенип өзүнүн пикирин угууну талап кылды.

Эл өкүлү Наталья Никитенко Абдыгуловдон кайсы кызматка бара жатканын билер-билбесин сурады.

"Бүгүн президент Садыр Жапаров буйрук чыгарды. Ага ылайык, мен Эл аралык валюта фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барам. Себеби, өзүңүздөр билгендей, Кыргызстандын квотасы көбөйтүлгөн. Буга байланыштуу ал жакка барып өлкө бакубатчылыгы үчүн иштешим керек", — деди Абдыгулов.

Ал эми Улуттук банктан кетүүгө саясий басым болгон жокпу деген суроого "эч кандай саясий басым болгон жок" деп жооп берди.

sputnik