Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагалыгына талапкер сунуштады

29 сентября 2021 Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагалыгына талапкер сунуштады

Мамлекет башчы сунуштаган талапкер Бакиевдин доорунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.

 Президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштады.

Калматов мурдагы төрага Толкунбек Абдыгулов өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз бергенин айтып, ЖК депутаттарынан аны жумуштан бошотууну сурады. Ордуна мамлекет башчы Садыр Жапаров Кубанычбек Бөкөнтаевди сунуштаганын айтып, колдоп берүүнү өтүндү.

Кубанычбек Бөкөнтаев Бакиевдин доорунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Ал ошондой эле Кыргызстандагы депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы болуп саналат.

sputnik