"Атам үйдө ич кийимчен жүрөт" Жаш келин кайнатасынан уялганын айтып берди

29 сентября 2021 "Атам үйдө ич кийимчен жүрөт" Жаш келин кайнатасынан уялганын айтып берди

"Кээде түнкүсүн сыртка чыгуудан корком...

Алдымдан чыгып калабы деп... ” Ар бир чөйрөдө жазылбаган эреже бар. Мындай эрежелер үй-бүлөгө негизделген. Мисалы, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, жалпы урматтоо сыяктуу. Үй-бүлө мүчөлөрдүн ортосунда да сактала турган адеп-ахлак эрежерлери бар. Ал эми аны ким түзөт?

Өзүн Адина деп тааныштырган жаш келин үйүндө ыңгайсыз абалга көп туш болорун айтты. "Балким, ал окуп жатканда ойлонот. Болбосо, кайын атам үйдө жарым жылаңач болуп жүргөнүнөн  уялып, чарчадым. Жолдошум "ал мурунку спортчу, көнүп калган" деди. Бирок, ал атасына катуу сүйлөй албайт, анткени анын мүнөзү өтө катаал. Үйдө атама каршы эч ким сүйлөй албайт. Апам кой дебейт, көздөрү көнүп калган. Балким, бул алардын үйүндө кыз бала жоктугунанбы?! ” деген келин мындайдын туура эмес экенин айтып башынан өткөн бир нече ыйгайсыз окуясын баяндап берди.

Адинанын айтымында, бул үй-бүлөгө келин болгонуна үч жылдай болгон. Бир баланын энеси болгон келинди кайнатасынын үйдө ич кийимчен жүрө бергени ыңгайсыз абалга калтырат.

 - Атам пенсияга эрте чыккан. Апам дагы деле иштейт. Атам экөөбүз дайыма үйдө болобуз. Мындай учурларда бөлмөмдөн болушунча чыкпоого аракет кылам. Анткени, атам күн ысык кезинде үйдө шорта менен жүрө берет. Анысы аз келгенсип, эртең менен дааратканага барганда ич кийимчен чыгып жүрө берет. Ич кийимдин болгондо да денесине чап жабышканын кийип алат.

Бир күнү келин болуп келгениме бир ай болуп калган. Мен түндө дааратканага чыктым. Жай мезгили болчу, кайра келе жатканда эшиктин алдында атам тамеки тартып олтуруптур. Мен уялып бурулуп кайра дааратканага кирип кеттим. Анан атам үйгө кирип кеткенче күтүп турдум. Ал киши да шашпай олтуруп алды.

Мындай учурлар биздин үйдө көп болот. Мончодон чыкканда түктүү халатты кийип чыгат да, үйгө кирер менен халаттын алдын ачып алып ич кийимчен денесин көрсөтүп жүрө берет. Келин бар деп уялбайт. Жайында шорта менен мойнунда сүлгү илип алып жүрө берет.

Төркүнүмдө мындай нерсени көрбөгөндүктөн, мага көнүп кетүү кыйын болуп жатат. Менин өз атам үйдө ич кийим түгүл майка кийип жүргөн эмес. Мага чейин 4 бир тууган агаларым бар, алар да эч качан ачык кийимчен дасторконго отурушпайт. Атам андай нерселерди көрсө дароо тыюу салчу.

Бир күнү муну жылмалап, апама жеткирдим. Бирок, ал мени урушуп: «Кайнатаңды сен тарбиялайсыңбы? Уялсаң, караба! Анын ушинтип жүргөнүнө 40 жыл болду. Мен өзгөртө албаганды сен өзгөртө аласыңбы?” деп кагып салды. Атама эскертип, анан ал бир аз эсине келет деген үмүтүм акталган жок дейт Адина.