3-5-октябрда түнкүсүн Кыргызстандын дээрлик бардык облустарында күн сууктап, үшүк жүрөрү айтылды.
Кыргызстанда 1-4-октябрда аба ырайы бузулуп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоо этектериндеги жаан карга айланып, ал эми тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлады.
2-октябрда күндүз жана 3-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болушу күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
2-3-октябрда күн сууктайт, аймактарда төмөндөгүдөй аба ырайы күтүлүүдө:
Чүй өрөөнүндө +5…+10 градус
Талас өрөөнүндө +4…+9 градус;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +9…+14 градус;
Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында +4…+9 градус болушу күтүлөт.
Өзгөрүлмөлүү мындай аба ырайы айыл чарбасындагы, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатып, жайыттарда мал кармоодо түйшүк жаратат.
3-5-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градус, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4 градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Кыргызгидромет бул жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып, бирок жабылбаган картошка жана кант кызылчасына зыян алып келерин эскерткен.