Адис кайсы тамакты кайра жылытып жегенге болбойт экенин айтты

28 сентября 2021 Адис кайсы тамакты кайра жылытып жегенге болбойт экенин айтты

Диетолог Ольга Лушникова кээ бир азыктар ысытылгандан кийин ден соолукка кооптуу экенин айтты.

Диетолог кайсы тамакты бышырып жана кайсынысын муздак абалда жесе болорун айтты.

"Жумуртка, козу карын, сарымсак, ар кандай эт, кызылча, күрүч, капуста, селдерей сыяктуу азыктарды жылытууга болбойт. Алардын курамындагы нитраттар нитросаминдерге алмашат. Алар канцероген деп саналат жана уулуу болушу мүмкүн", - деди Лушникова.

Бул азыктарды мезгил -мезгили менен ысытып жесе болот. Бирок, муну дайыма адатка айландырууга болбойт.

"Мисалы, бышкан этти эртеси күнү муздак жеген туура болот. Аны салаттарга же бутерброддорго кошсо болот. Пластик идишке салып жылытууга болбойт", - деди диетолог.

Бирок, ичеги-карын оорулары бар адамдар муздак тамакты жебеши керек.