Мурдагы президент сот залына кирип келгенде анда отургандар "боштондук" деп кыйкырышты. Соттук процессти видеого тартууга тыюу салынды.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча ишти карап жатат.
Процесске мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик администрациянын экс-жетекчиси Фарид Ниязов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков алып келинди.
Сот залынан тартылган видеону Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жарыялады.
Кадрдан мурдагы президент сот залына кирип келгенде анда отургандар "боштондук" деп кыйкырып, сүрөшкөнүн күрүүгө болот.
Сот процесс башталар алдында журналисттерге видеого тартууга тыюу салды.
2019-жылдын 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Анын тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган. Натыйжада Атамбаев жана анын бир нече үзөңгүлөшү кармалган.
Алмазбек Атамбаев учурда абактагылар дарылануу мүмкүнчүлүгү бар № 47 түзөтүү колониясында кармалып турат. Мурда УКМКнын СИЗОсунда жаткан Атамбаевди ал жакка 2020-жылдын аягында ден соолугу начарлап кеткендиктен которушкан.