Ташиев айткан мафия: УКМК бир фармкомпаниянын жетекчисин кармады. Сүрөт

27 сентября 2021 Ташиев айткан мафия: УКМК бир фармкомпаниянын жетекчисин кармады. Сүрөт

Атайын кызмат учурда мамлекетке келтирилген зыяндын суммасын жана кылмышкерлердин чөйрөсүн аныктап жатат.

Дары-дармектердин баасын негизсиз жогорулатып, ошол эле учурда салык төлөбөй жүргөн деген шек менен өлкөдөгү фармкомпаниялардын биринин жетекчиси кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

 

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА ГКНБ

Дары-дармектердин баасын негизсиз жогорулатып, ошол эле учурда салык төлөбөй жүргөн деген шек менен өлкөдөгү фармкомпаниялардын биринин жетекчиси кармалды

Билдирүүгө ылайык, саламаттык сактоо системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында калкка ашыкча жогорулатылган баада дары-дармектерди сатууну көздөгөн импорттоочу фармацевтикалык компаниялар тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү тууралуу УКМКга маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында аталган компаниялардын офисинде жана кампасында тинтүү иштери жүргүзүлгөнү маалым болду. Анда экинчи бухгалтериясы бар экендиги тастыкталып, финансылык документтер алынган.

"Бул компаниялар тобу көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын колдоосу менен салыктан качуу үчүн импорттук дарылардын чыныгы наркын жашырып, бирок калкка сатууда спекуляция кылгандары аныкталды. Мыйзамсыз аракеттер өлкө бюджетине салык түшпөгөндүгүнө жана дары-дармектердин, анын ичинде өтө керектүү препараттардын баасынын негизсиз жогорулашына алып келет", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, иликтөөнүн жүрүшүндө бул компаниялардын саламаттык сактоо системасы аркылуу акчалай сый акы үчүн импорттолгон кымбат баалуу дары-дармектердин аналогдорун таратуу менен мыйзамсыз соода ыкмаларын жана адилетсиз атаандаштыкты колдонууга катышкандыгы боюнча далилдер алынган.

Натыйжада аталган ишканалардын жетекчилеринин бири А.В. аттуу жаран кармалып, Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") менен айыпталган. Анын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук соту тарабынан тандалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени айтылды.

Атайын кызмат учурда тергөө мамлекетке келтирилген зыяндын суммасын жана кылмышкерлердин чөйрөсүн аныктап жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы ири фармацевтикалык мафиянын бети ачылганын билдирген.

sputnik