Лейлекте тажик аскерлери кыргыз жаранын кармап кетти. Бүгүн сүйлөшүү жүрөт

27 сентября 2021 Лейлекте тажик аскерлери кыргыз жаранын кармап кетти. Бүгүн сүйлөшүү жүрөт

Кыргызстандыктын кармалганы тууралуу чек арачыларга жубайы кабарлаган. Бул иш боюнча эки тараптын өкүлдөрү жолугуп сүйлөшөт.

Лейлек районунда Тажикстандын УКМК кызматкерлери 26 жаштагы Кыргызстандын жараны Уразбек Мирзоевди кармап кетти. Бул туурасында атайын комитетке караган Чек ара кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, Жаштык айылынын тургуну кечээ, 26-сентябрда, жубайы экөө Тажикстандын маршруттук таксиси менен Жигдалик айылына бара жатканда Худжанд — Канибадам жолунан кармалган.

Мирзоевдин кармалганы тууралуу жубайы Кыргызстандын чек арачыларына кабарлаган.

Бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча өкүлү менен тажик тараптын Согди облусундагы өкүлү жолугары пландалган. Анда жарандын кармалышынын мыйзамдуулугу жана аны кыргыз тарапка өткөрүп берүү маселеси каралат.

sputnik