Келин эки кызы менен Отуз-Адыр каналына агып кеткен. ӨКМдин куткаруучулары келгенге чейин аны үч жаштагы кызы менен жергиликтүү тургундар аман алып калышкан.
Оштун Кара-Суу районунда 24 жаштагы келин үч жана 1,5 жаштагы эки кызы менен сууга агып, кичүүсү изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, окуя Кара-Суунун Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Тойчу айылында болгон. Анда 24 жаштагы келин Отуз-Адыр каналына эки кызы менен агып кеткен.
"ӨКМдин куткаруучулары барганга чейин жергиликтүү тургундар аял менен анын үч жаштагы кызын суудан аман-эсен куткарып, жабыркагандарды Тез жардам кызматы алып кеткен. Ал эми болжол менен 1,5 жаштагы кыз табылган эмес", — деп жазылат маалыматта.
Аны издөөгө ӨКМдин 13 куткаруучусу, ИИМдин 11 кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылган. Издөө иштери бүгүн, 27-сентябрда да, улана турганы кошумчаланды.