Той-ашка алган насыядан кутулуу баарынан татаал. Финансист себебин айтты

27 сентября 2021 Той-ашка алган насыядан кутулуу баарынан татаал. Финансист себебин айтты

Адис кандай гана кредит болбосун, андан кутулуу үчүн кирешенин 30 пайыздан азы кетиши керектигин айтат. Андан ашып 50 пайызга чукулдаса, кадимкидей кыйынчылыктар жаралат.

Көз карандысыз финансы консультанты Ольга Трофименко Sputnik радиосунун эфиринде насыянын кайсы түрүнөн кутулуу татаал экенин айтып берди.

Адистин пикиринде, той-ашка жана саякаттоо үчүн алган насыяны төлөө финансылык жактан дагы, моралдык жактан дагы өтө кыйын.

"Эс алуу, үлпөт той, юбилей сыяктуу жагымдуу көз ирмемдер артта калган соң ал үчүн акча төлөй берүү оңой эмес. Анткени андагы сезимдер акырындык менен унутта кала берет дагы, акча текке кетип жаткансып, адам психологиялык жактан кыйналат. Ал эми ипотека, бизнес, автоунаа үчүн алган кредитти төлөө процессинде адам сатып алган оокат-жайын көрүп, өзүн моралдык жактан жооткотуп турат", — деди финансист.

Ошондой эле адис кандай гана кредит болбосун, андан кутулуу үчүн кирешенин 30 пайыздан азы кетиши керектигин айтат.

"Насыя алардан мурда адам өзүнүн чама-чаркын караш керек. Кредиттен кутулуу үчүн ай сайын төлөгөн акча кирешенин 30 пайызынан ашып, 50 пайызга чукулдаса кадимкидей кыйынчылыктар жаралат", — деди Трофименко.

Сөзүнүн аягында финансист насыя алгысы келген адамдын бир аз да болсо запаста акчасы болушу керектигин айтат. Ал каражат адам ишсиз калып же башка финансылык чыгымдар болгондо кереги тиет.

sputnik