Москвада балалуу болгон мигранттарга 20 миң рублден төлөнөт. Түшүндүрмө

27 сентября 2021 Москвада балалуу болгон мигранттарга 20 миң рублден төлөнөт. Түшүндүрмө

Эмгек мигранттарынын Москва шаарынын төрөт үйлөрүндө жарыкка келген ар бир баласы үчүн калаа жетекчилиги 20 миң рублден төлөп берүүдө. Маалыматты Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен тастыкташты.

"Россияда иштеп жүргөн чет элдиктер балалуу болсо шаар бийлиги 20 миң рублден берет. Мигранттар акчалай сыйлык же шаар жетекиси Сергей Собянинден белек алса болот. Белектин ичинде ымыркайга керектүү буюм-тайымдар бар", — дешти элчиликтен.

Россиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, Москва шаарынын мэриясы мындай чечимди пандемия алдында, тагыраагы, 2020-жылдын 18-февралында кабыл алган. Документте Москва шаарында туулган ар бир ымыркай үчүн ата-эне белек катары берилчү корзинанын ордуна 20 миң рубль алса болору жазылган.

Москва шаарында төрөлгөн балага шаар жетекчилигинен кантип белек алса болорун мэриянын расмий сайтынан тактап алса болот.


sputnik