UWW дүйнө чемпионатынын ролигине Тыныбекованын эң кызык учурун чыгарды

27 сентября 2021 UWW дүйнө чемпионатынын ролигине Тыныбекованын эң кызык учурун чыгарды

Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатына 8 күн калганын эске салган ролик чыгарып, ага кыргызстандык чемпион Айсулуу Тыныбекованын финалда уткан беттешинин видеосун койду. Роликти дүйнөлүк уюм өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялады. 

ВИДЕО

Анда Тыныбекова 2019-жылы финалдык беттештин акыркы секундаларында упай алып, жеңишти илип кеткен учуру көрсөтүлгөн.

"Айсулуу Тыныбекова 2019-жылдагы дүйнө биринчилигинин 62 килограмм салмактын финалында ошол кездеги чемпион Тайбе Юсеин менен кармашып, акыркы секундаларда жерге жыгып, Кыргызстандын атынан алгачкы дүйнө чемпиону болгон", — деп жазылган постто.

Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Норвегиянын баш калаасы Осло шаарында 2-10-октябрда өтөт.

Кыз-келиндер мелдеши 4-октябрда башталат. Биринчилерден болуп учурдагы дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова ошол күнү килемге чыгат.

Тыныбекова бул мелдеште чемпиондук наамын коргоо үчүн таймашат. Мындан сырткары, Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынан Токио Олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Токио Олимпиадасынын катышуучусу Айпери Медет кызы (76 килограмм) катышат. 


sputnik