Он мүнөттө 1,5 литр газдалган суусундук ичкен жигит каза болду

27 сентября 2021 Он мүнөттө 1,5 литр газдалган суусундук ичкен жигит каза болду

Кытайда 22 жаштагы жигит 1,5 литр газдалган суусундукту 10 мүнөттө ичип каза болду, деп Daily Mail басылмасы жазат.

Daily Mail бул Coca Cola экенин тактады. Пекиндеги Чаоянь ооруканасынын дарыгерлеринин айтымында, жигит бир бөтөлкө суусундук ичкенден алты саат өткөндөн кийин адистин жардамына кайрылган. Ал күн ысык болгондуктан, бир жарым литр суусундукту дароо  ичкен. Кийинчерээк ичи катуу ооруп, шишип кеткен. Дарыгерлер боордогу газга каршы жардам берген дары беришкен. Бирок, жигит 18 сааттан кийин каза болгон.

Медициналык маалыматтарга ылайык, суусундукту өтө тез ичкендиктен, ичегиде өтө көп өлчөмдө газ чогулган. Кысым астында газ порталдык венага түшүп, боорго кычкылтек жетпей калган. Бейтапты сойгон учурда боор ишемиясы аныкталган.

Бирок, Лондон университетинин алдындагы колледждин профессору Натан Дэвис жигит газдалган суусундуктун айынан каза болду дегенге ишенбейт. Ал бактериялык инфекция болушу мүмкүн деген божомолун айткан.