Instagram жетекчилиги VIP-аккаунт түзөт. Өзгөчөлүгү эмнеде?

13 декабря 2018 Instagram жетекчилиги VIP-аккаунт түзөт. Өзгөчөлүгү эмнеде?

Мындай аккаунттар 2019-жылы пайда болору айтылды.

Instagram тиркемесин иштеп чыккандар жакынкы аралыкта төбөсү көрүнгөн адамдар үчүн атайын аккаунттарды түзө турганын The Hollywood Reporter маалымдады.

Басылманын маалыматы боюнча аккаунттардын жаңы түрү кошумча функцияларга ээ болот. Арасында аккаунт ээсине катталгандардын майда-баратына чейин билүү, фолловерлердин билдирүүлөрүн иргөө, профилдин кеңейтилген статистикасы жана атайын белги бар.

VIP-аккаунтка ээ болчулардын катталуучулары белгилүү бир чекке жетиши керек. Мындай саамалык 2019-жылдан тарта колдонула баштай турганы айтылды.



Дагы: sputnik.kg, фото -© Sputnik / Наталья Селиверстова