Жарака: Эмне үчүн Кыргызстанда балдар кооптуу шарттарда окушат?

25 сентября 2021 Жарака: Эмне үчүн Кыргызстанда балдар кооптуу шарттарда окушат?

Мектептин дубалынан чоң жарака кеткен.

«Жок, бул жер титирөөдөн кеткен эмес, болгону эски имарат, — дейт Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Турат Арзыкулов атындагы №52 мектебинин директору Максуда Кочорова башын чайкап. – Буга бир кылым болуп калды».

Бул – Кыргызстандагы эң эски мектептердин бири.Анын биринчи корпусу алгач темир жол станциясы катары кызмат кылган. Өткөн кылымдын 50-жылдарында мектепке өткөрүлүп берилген. Андан бери көп деле өзгөрүү болгон жок: жылытуу үчүн мешке от жагылат, даараткана сыртта, суу кудуктан алынат… Аличе кире бериште станциянын каттамынын схемасы илинип турат. Имарат ушунчалык эскирип, авариялык абалга кириптер болгондуктан, «колдонууга жараксыз» экендигин моюнга алышкан.

Ошого карабай мектеп иштеп жатат.

«Эки жыл мурун пайдубалы урай баштаган. ӨКМ мектепти жабуу керек деген бүтүм чыгарган. Бирок ата-энелер аралашып – пайдубалга коюлган таштардын сыртына цемент куюшуп, бекемдешкен. Өздөрү да ушул убакка чейин кантип кулабай турганына таң калышты», — дейт директор.

Акыркы расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандагы авариялык абалдагы мектептердин саны – 204.Бул өлкөдөгү ар бир онунчу мектеп кооптуу дегенди түшүндүрөт. Мындай мектептерде болуу, ал эле эмес анын ичинде окуу опурталдуу. Ага карабай эле сабак өтүп келишет.

Жагдайды толук түшүнүү үчүн биз Кыргызстандагы мектептердин абалы жана ички түзүмү тууралуу жеткиликтүү маалыматтардын баарын талдап чыктык. Абал чынында өтө коркунучтуу. Өлкөдөгү 2 миң мектептин ичинен 200ү авариялык абалда, ал эми дагы 400ү капиталдык оңдоп-түзөөлөргө муктаж, калгандарынын басымдуу бөлүгүндө суу түтүктөрү, борбордук жылытуу тутуму, даараткана жок.

Акыркы маалыматтар 2019-жылдын ноябрь айында жаңыртылган. Маалымат жаңы болбосо да абал канчалык оор экенин көргөзүп турат. “2021-2040-жылдары Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасын бекитүү тууралуу” өкмөттүн 2021-жылдын 4-майындагы токтому көйгөйдүн олуттуулугун моюнга алып, андан да кооптуураак сандарды угузат:

“Көптөгөн мектептердин ички түзүмүнүн абалы окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратат. Ага карабастан башка имараттардын жоктугуна байланыштуу аларда окуу улантылууда. Мисалы, 245 мектеп авариялык абалда деп эсептелет, аларды бузуп салып, жаңысын куруу керек. Мындан тышкары республиканын 457 мектебинин чатыры, пайдубалы, дубалдары, суу түтүктөрү, канализациялары капиталдык оңдоп-түзөтүүлөрдү талап кылат”.

Булар өлкөдөгү бардык мектептердин үчтөн бирин түзөт! Бирок кырдаал мындан да жаман болушу мүмкүн. 2013-жылы эле Кыргызстандагы мектептердин жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин коопсуздугун жалпы улуттук баалоонун жүрүшүндө Кыргызстандагы 80% ашуун мектептин “ички курулушу кооптуу” экендиги аныкталган.

Айылдык эски мектептин дубалдарындагы чоң-чоң жаракалар орто билим берүү системасынын бүтүндөй тулку-боюн аралап өтөт. Кыргызстанда миңдеген баланын кооптуу шарттарда окушуна эмне түрткү болгон? Бул абал канткенде өзгөрөт?

АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕПТИН ПОРТРЕТИ

Авариялык абалдагы типтүү мектептин абалы төмөндөгүдөй: ал көз алдыңда урап турат, жер титирөөдөн же пайдубалы жабыркагандыктан дубалдарынан жарака кеткен, шыптан суу тамчылайт, такталары чирип калган. Мындай мектептер ар бир аймакта бар. Орто эсеп менен бул өлкөдөгү ар бир онунчу мектеп. Кээ бир аймакта көбүрөөк, айрым жерлерде азыраак болушу мүмкүн. Талас облусунда дээрлик ар бир бешинчи мектеп авариялык абалда. Авариялык абалдагы мектептердин саны боюнча Ош облусу алдыңкы орунда: алардын саны 65ке жетет.

Авариялык мектептердин басымдуу бөлүгү – 204түн 192си айыл жерлеринде жайгашкан. Алардын көпчүлүгү типтүү долбоор боюнча салынган эмес. Айылдык мектептердин көпчүлүгү Арзыкулов мектеби сымал алгач башка муктаждыктар үчүн, мисалга: “жашоочулар тарабынан салынган колхоз сарайы”, “мурунку дүкөн жана СельПО”, “совхоздун мурунку административдик мекемеси” үчүн курулган.

Авариялык тизмедеги мектептердин көбүн жергиликтүү тургундар ашар жолу менен салышкан. Ашар – ыктыярчы адамдардын биргелешип, бир асыл буюмду жана турак жайды бүтүрүү салты, ишти чогуу соңуна чыгаруу аракети. Мектептердин жоктугун элдер ушундай жол менен чечип келишкен. Мамлекеттин кайдыгер мамилеси элди чечкиндүү кадамдарга барып, өздөрүн мектеп курууга мажбурлап жаткандыгын изилдөөчүлөр тастыкташат. Бирок, бул абалдан алып чыгуучу кадам эмес.

Ашар мектептери, эреже катары, тийиштүү долбоорго таянбастан, кесипкөйлөрсүз, курулуш талаптары сакталбастан салынат. Пайдубалдын ордуна таштар тизилип коюлат. Убакыттын өтүшү менен мындай пайдубал чөгүп, урай баштайт да, дубалдан жарака кетет. Булардын бир нечеси кулап калган.

«Ал кезде ашар ыкмасы мода болчу, анын кесепети өтө аянычтуу эле», — дейт Талас облусундагы авариялык мектептердин биринин директору Гүлнара Сатымкулова.

Авариялык мектептер тууралуу иш кагаздардан:

«Мектеп 1978-жылы ашар ыкмасы менен курулуп, ылайыкташылган объект, ОШ-60 варианты боюнча салынган. Дубалдары жана тосмолору тактайдан, ал эми шыбы фанерадан жасалган, салаңдап турат, пол тактайдан салынган, пайдубалы таш бетондон курулган, жапыз, чөгө баштаган. Чатыры шиферден, суу тамат. Стропилолук устундар жараксыз абалда, класстык бөлмөлөр жетишсиз. Окутуучулар курамы үчүн кабинет жок. Ашкана жок. Китепкана жок. Жыйындар залы жок. Кошумча, көмөкчү жайлар жок».

Булан институтунун адистери «Кыргызстандагы мектептердин курулушу жана коопсуздугу: авариялык абалдагы мектептер жана балдар» аттуу баяндамасында мектептердин жана башка коомдук объектилердин ашар ыкмасы менен салынышына мамлекет тарабынан тыюу салууну сунушташкан. «Мектептер мамлекет тарабынан демилгеленип, көзөмөлгө алынышы керек, — деп жазат авторлор. – Эгер мамлекет тийиштүү долбоор боюнча бышкан кыштан бардык куруу ченемдери сакталган типтүү мектептерди курса, булар узак убакытка чейин ишенимдүү кызмат кылмак».

Бирок авариялык абалдагы мектептердин тизмесинде типтүү мектептер да арбын. Мамлекеттин капиталдык оңдоп-түзөөлөргө да каражаты жок. Көптөгөн мектептерде ишке киргизилгенден бери капиталдык оңдоо иштери жасалган эмес. Ошондуктан мектептер 1960-1970-жылдары курулганына карабастан, бүгүнкү күндө бул имараттар толугу менен тозуп калган.

«Эскирген курулуш», «физикалык жана моралдык талап боюнча колдонууга жараксыз» деп жазылат кагаздарда. Табият кырсыктары – жер титирөө, жер көчкү жана селдер – мектептерди талкалайт, бирок авариялык абалга кириптер кылуучу негизги себеп – кадимки физикалык жактан жарактан чыгуу. 204түн ичинен 172син оңдоп-түзөөгө болбойт, ал жерде тезинен жаңыларын куруп баштоо зарыл.

kyrgyzmedia