Дарыгердин соккудан мээси чайкалган, баш сөөгү жаракат алган.
Орусиянын Нижневартовск шаарынын жашоочусу хиджаб кийген аялын колу менен кармап караган дерматовенеролог дарыгерди уруп салган.
Ал кунү дарыгер Владимир Жерноклеев адаттагыдай бейтаптарды кабыл алып жаткан. Түштөн кийген хиджаб кийген аял келди. Аял медициналык текшерүү учурунда дерматовенеролог дарыгердин кароосунан өтүш керек эле. Текшерүүнүн жүрүшүндө аял өзүн эркек врач көрүүсүн каалаган эмес. Ошондо Жерноклеев аялга оорукананын жетекчилигине кайрылып, аял дарыгердин кабыл алуусуна жазылууга кеңеш берген.
Бирок хиджаб кийген аял Жерноклеевдин өзүнө эле көрүнүүгө макул болгон. Жерноклеев пациенттин ичин карап чыккан. Аял кеткенден кийин күйөөсү кабинетке кирип келип: "Аялдардын курсагын кармап көргөндү жакшы көрөт экенсин!" - деп дарыгерди сабап салган.