24 сентября 2021
Каргашада кыргызстандыктардан сырткары дагы эки адам көз жумганы айтылат. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.
Россиянын Тула облусунда кыргызстандык 34 жаштагы аял менен 35 жаштагы эркек киши жол кырсыгынан каза тапканын элчилик кабарлады.
Каргаша кечээ, 23-сентябрда, Р-22 "Каспий" шоссесинде болгон. Анда кыргызстандыктардан сырткары дагы эки адам көз жумган.
Окуя боюнча Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесиндеги 5-бөлүм боюнча ("Жол эрежесин бузуу, байкабастыктан экиден ашык адамдын өлүмүнө алып келүү") кылмыш иши козголду.