Бишкекте вакцинадан кийин каза болду деген аял. Министр себебин айтты

24 сентября 2021 Бишкекте вакцинадан кийин каза болду деген аял. Министр себебин айтты

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" берген маегинде коронавируска каршы вакцина алгандан кийин көз жумду деген аял тууралуу маалымат берди.

Эске салсак, 46 жаштагы Назгүл Искакова 19-июль күнү №1 үй-бүлөлүк медицина борборунан "Спутник V" вакцинасын алган, ал эми 22-июль күнү каза болгон. Министрлик соттук-медициналык экспертиза баштаган болчу.

"Кыргызстанда вакцинадан көз жумду деген маалыматтар тастыкталган эмес. Соттук-медициналык экспертиза Искакова вакцина алганга чейин COVID-19 жуктуруп, пневмония болгонун көрсөткөн. Мындан улам ал коронавирустан каза тапкан деп айтууга болот", — деди министр.

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директорунун орун басары Эрнис Акунов да Sputnik Кыргызстан агенттигине бейтап эмдөөгө чейин коронавирус жуктурганын айтып, бирок комиссия эспертизанын жыйынтыгын толугу менен чыгара электигин билдирди.

"Ооруканадан аялдын ПЦР-тести таза чыккан, себеби мурун көңдөйүнөн алышкан. Кийин денесин ачып өпкөсүн текшергенде вирус бар экени тастыкталды. Ошол эле учурда пневмония боло элек экен. Болжолдуу түрдө менингити өрчүп кеткен. Бирок бул оору менен коронавирустун байланышы так аныктала элек. Комиссиянын иликтөөсү толугу менен бүткөн соң айтууга болот", — деди Акунов.

Ал комиссия бир жыйынтыкка келмейинче жана ага тараптар макул болмоюнча иликтөө улана берерин кошумчалады.


sputnik