Балдарды үйлөндүрмөк болушкан: 11 жаштагы кыз менен 12 жаштагы баланын ата-энеси кармалды

24 сентября 2021 Балдарды үйлөндүрмөк болушкан: 11 жаштагы кыз менен 12 жаштагы баланын ата-энеси кармалды

Египеттин укук коргоо органдары 11 жана 12 жаштагы балдардын ата-энелерин кармашты. Алар жашы жете элек балдарын үйлөндүргүсү келген. Бул тууралуу Al Arabiya кабарлайт.

Бийликтин кийлигишүүсүнөн улам Каирден 30 чакырым алыс жайгашкан Умм Хенан айылындагы балдардын никелешүүсү бүт коомго белгилүү болгон.

Үйлөнүү үлпөт той тууралуу зер дүкөнүнүн ээси келинге сатып алган алтын зер буюмдарын Facebook-ка жарыялагандан кийин белгилүү болуп отурат. Египеттин салтына ылайык, ал шабка деп аталат. Салт боюнча, күйөө бала үйлөнөр алдында болочок жубайына белек кылууга милдеттүү.

Той күтүүсүздөн полиция тарабынан үзгүлтүккө учураган.

Жашы жете элек балдардын никеге туруусу Египеттин Конституциясынын балдарды коргоо боюнча 80-беренесине каршы келет. Мыйзамга ылайык, 18 жаштан баштап гана никеге турууга уруксат берилет.