Россиядан келген бензин азайышы мүмкүн. Адистердин жоромолу

24 сентября 2021 Россиядан келген бензин азайышы мүмкүн. Адистердин жоромолу

Россиянын Энергетика министрлиги өлкөнүн ичинде күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп кетпеши үчүн экспортко болгон тыюуну азырынча албай турат.

Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун экспортунун көлөмү жай мезгилине караганда дагы төмөндөшү мүмкүн. Бул тууралуу "Прайм" порталы жазган.

Агенттиктин маалыматына таянсак, Россиянын бензин боюнча экспорту сентябрда 167 миң тоннага чейин түшүшү мүмкүн. Январь-май айларында Россиядан сыртка болжол менен айына 421 миң тонна чыгып турса, июль-августта кыскарып, орто эсеп менен 208 миң тоннанын тегерегинде болгон. 

Өкмөттүн ички рынокко чыгарчу мунай заттарынын көлөмүн арттыруу сунуштарынан улам компаниялар жаздан тарта бензиндин экспортун кыскартып келе жатат. Министрлер кабинети бензиндин экспортун жаз айларынан бери катуу талкуулай баштаган. Анда мунай заттарын биржа аркылуу сатуу ченемдерин көбөйтүү жана күйүүчү майдын баасын мунайчылар менен сүйлөшүп, бир калыпта кармап туруу айтылган.

sputnik