Сасык тумоолоп жатканда көздү кантип сактоо керек. Офтальмологдун сунушу

24 сентября 2021 Сасык тумоолоп жатканда көздү кантип сактоо керек. Офтальмологдун сунушу

Дарыгердин айтымында, организм ууланганда, вирус жугузуп алганда же суук тийгенде көздөр абдан кыйналат. Өзгөчө мурун бүтүп, тамак ооруп турганда көздөргө кадимкидей күч келет.

Суук тийгизип алганда же сасык тумоолоп жатканда гаджеттерди көп колдонбой, көздү эс алдырган туура. Ошондой эле нымдоочу каражаттарды тамчылатып туруу керектигин  офтальмолог, медицина илимдеринин доценти Ирина Лещенко билдирди.

Дарыгердин айтымында, организм ууланганда, вирус жугузуп алганда же суук тийгенде көздөр абдан кыйналат. Өзгөчө мурун бүтүп, тамак ооруп турганда көздөргө кадимкидей күч келет.

"Кишинин ооруп жатканы сыртынан билинбесе дагы айрымдар карап туруп эле "көзүң жаман", "көзүң анча эмес" деп анын кыйналып турганын билип коюшат эмеспи. Андыктан ооруп жатканда көздү кыйнап, гаджеттерди, өтө жарык нерселерди карабай койгон туура. Ошондой эле көздү нымдап турчу каражаттарды тамчылатуу зарыл", — деди Лещенко.

Ал эми ооруганда көздөрү кызарып кеткен адамдарга кан тамырларын бекемдөө үчүн дарылануу сунушталат. Анткени көз кыйналган учурда алсыз кан тамырлар жарылып кетет.

Сөзүнүн аягында дарыгер көзгө С витамини өтө пайдалуу экенин кошумчалады.

sputnik