Масадыков талибдер дайындаган тышкы иштер министри менен жолукту. Сүрөт

23 сентября 2021 Масадыков талибдер дайындаган тышкы иштер министри менен жолукту. Сүрөт

Афганистандын убактылуу өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин буга чейин Өзбекстан, Казакстан жана Кытай расмий жар салган.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып, Афганистандын талибдер дайындаган тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушту. Иш-чара учурундагы сүрөттөрдү Афганистан өкмөтүнүн маалымат катчысы Забихулла Мухажид социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Жолугушууга Масадыковдон тышкары КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев катышкан.
Жолугушуунун чоо-жайы айтылган жок. 

​Афганистандын убактылуу өкмөтү менен кызматташууга даяр экенин буга чейин Өзбекстан, Казакстан жана Кытай расмий жар салган.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

sputnik