Боюнан түшүп калган. Каракол милициясы кош бойлуу келинди сабады деп шектелүүдө

23 сентября 2021 Боюнан түшүп калган. Каракол милициясы кош бойлуу келинди сабады деп шектелүүдө

Келин Акыйкатчы аппаратына кайрылып, милиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууга жардам берүүсүн суранып жатат.

Каракол шаардык милициясынын кызматкерлери кош бойлуу келинди сабаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлады.

Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө келин кайрылып, эки милиционер жана бир тергөөчү кол салганын, бул окуядан кийин беш айлык түйүлдүк боюнан түшүп калганын кошумчалаган.

Арыздануучунун айтымында, ушул жылдын 5-августунда милиция кызматкерлери аны кармап алып, ур-тепкиге алышкан, ал тургай ичке тээп, өлтүрөбүз деп коркутушкан.

Келин Акыйкатчынын аппаратына кайрылып, милиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууга жардам берүүсүн суранып жатат.

Омбудсмен Ысык-Көл облусунун прокуроруна кайрылуу жолдоп, жооп калды. Ал жактан жарандын кайрылуусу боюнча Жазык кодексинин 321-беренесине ("Бийликтен аша чабуу") негизинде сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирди. Тергөө иштери УКМКнын аймактык башкармалыгына өткөрүп берилген.

УКМКдан Акыйкатчы институтуна иликтөө иштери жүрүп жатканын айтышкан.

sputnik