Айсулуу Тыныбекова көпчүлүк көрө элек сүрөттөрүн жарыялады

23 сентября 2021 Айсулуу Тыныбекова көпчүлүк көрө элек сүрөттөрүн жарыялады

Сүрөткө Айсулуу күздүн күнү түркүн түскө боелгон кайың токойдон түшкөн. Спортчунун менеджери бул кадрлар эл назарына алгачкы ирет чыгарылып жатканын билдирди.

Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова Facebook социалдык тармагы аркылуу кырызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, улуттук кийим кийген сүрөттөрүн жарыялады.

"Баарыңыздарды бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм."Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун" дегендей, кыргыз тилинин тарыхы — бул биздин элибиздин тарыхы. Бүгүнкү күндө тил маселеси  мамлекетибиздин негизги багыттарынан болуп эсептелет. Келгиле достор, кыргыз тилинде сүйлөшүп эне тилди өнүктүрөлү!" — деп жазды спортчу кыз.

Сүрөткө Айсулуу күздүн күнү түркүн түскө боелгон кайың токойдун ичинен түшкөн. Спортчунун менеджери бул кадрлар эл назарына алгачкы ирет чыгарылып жатканын билдирди.

Тыныбекованын постуна бир нече мүнөт ичинде жүздөгөн колдонуучулар "лайк" басып, комментарийлерди жазып жатышат.

sputnik