Бишкек мэриясы соцтармактардагы сындардан соң жолтандабас алуудан баш тартты

23 сентября 2021 Бишкек мэриясы соцтармактардагы сындардан соң жолтандабас алуудан баш тартты

Мэрия кызматтык машина катары пайдалануу үчүн мурда сатып алынган автоунааларды баланска өткөрүүнү каалаган. Шаар бийлиги бир катар сындардан кийин оюнан кайтты.

Бишкек мэриясы 2010-жылы чыгарылган Toyota Land Cruiser Prado жолтандабас автоунаасын муниципалдык менчикке алуудан баш тартты. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев коомдук пикирди эске алуу менен Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоорун чакыртып алууну тапшырган. Эми жолтандабас Транспорт жана жолдор министрлигине өткөрүп берилет.

Окуянын тарыхы

20-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин расмий сайтында мэрияга Мамлекеттик мүлк фондунан ак түстөгү автоунаа алууга уруксат берүүчү токтомдун долбоору чыккан. Анын баштапкы баасы 5,3 миллион сомду түзгөн. Демилге мэрияда өкүлчүлүк класстагы муниципалдык автоунаалардын жоктугу менен негизделген. Алар Toyota  автокөлүгүн кызматтык унаа катары колдонууну пландашкан.

Социалдык тармакта бул идея катуу сынга кабылган. Анда  Жунушалиев мэр кызматына келери менен өзүнө ыңгайлуу жолтандабас алууну чечти деген нааразы пикирлер айтылган.

sputnik