23 сентября 2021
Жер титирөө Токтогул районунун бир катар айылдарында сезилген. Алдын ала берилген маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМден кабарлашты.
Жер кечээ, 22-сентябрь күнү, саат 22:07де силкинген.
Анын күчү Токтогул районунун Көл жана Алмалуу айылдарында 3,5 баллга чейин, Ак-Тектир, Кырк-Казык, Кара-Күнгөй жана Чон-Арык айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Министрликтин алдын ала берилген маалыматына таянсак, жабыркагандар жана кыйроолор жок.