Бишкек вице-мэри Акылбеков кызматтан бошотулуп, ордуна жаңы жетекчи дайындалды

23 сентября 2021 Бишкек вице-мэри Акылбеков кызматтан бошотулуп, ордуна жаңы жетекчи дайындалды

Мэрдин буйругу менен калаанын санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэри болуп Талайбек Орозов дайындалды.

Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбеков кызматтан кетти. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

"Ал башка кызматка которулганына байланыштуу ээлеген ордунан бошотулган", — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү буйрукка калаа мэри Айбек Жунушалиев кол койгон. Анын дагы бир буйругу менен калаанын санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэри болуп Талайбек Орозов дайындалды.

Русланбек Акылбеков бул кызматка жети ай мурда, тагыраагы, 8-февралда дайындалган болчу.

sputnik