Токтогулга кыз ала качып бараткан жигит "Сосновка" постунан кармалды. Сүрөт

23 сентября 2021 Токтогулга кыз ала качып бараткан жигит "Сосновка" постунан кармалды. Сүрөт

Учурда кыз ала качкан жаран Сокулук райондук тергөө кызматына алып келинип, териштирүү иштери жүрүп жатат.

"Сосновка" стационардык постунан кыз ала качып бараткан 23 жаштагы жигит кармалды. Бул туурасында Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн түндө, болжол менен саат 3:00дө Ак-Ордо-3 конушунан 20 жаштагы кызды ала качканы туурасында маалымат түшкөн. Анда кызды Audi үлгүсүндөгү унаага салып белгисиз тарапка кеткени айтылган. Мындан улам Чүй облустук ЖКККБнын өздүк курамына саат 6:00 чамасында алдын ала маалыматтар жиберилген.

"Перехват" планы киргизилип, Чүй облусу боюнча "Авто издөө" рейди жүргүзүлгөн. Натыйжада "Сосновка" өткөрмө постунан шектүү автоунаа токтотулган. Ичинде бир жигит менен жаш кыз болгон, териштире келгенде аны Токтогул районуна ала качып баратканы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кыз ала качкан 23 жаштагы жигит Сокулук райондук тергөө кызматына алып келинип, териштирүү иштери жүрүп жатат.

sputnik