Пандемия учурунда Кыргызстанга кайсы өлкөлөр акча салды? Тизме

23 сентября 2021 Пандемия учурунда Кыргызстанга кайсы өлкөлөр акча салды? Тизме

Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

2020-жылы Кыргызстанга кайсы өлкөдөн канча инвестиция келгенин жана алар кайсы тармактарга жумшалганын Улуттук статистика комитети маалымдады.

КМШга кирбеген өлкөлөрдүн арасынан негизги инвесторлор Канада (жалпы инвестициянын 28,8 пайызы) Кытай (25,3 пайыз), Нидерланд (10,5 пайыз), Швейцария (7,4 пайыз), Улуу Британия (4,9 пайыз) жана Түркия (4,5 пайыз) болду.

Акча салынган тармактар:

Канада — өндүрүш;

Кытай — өндүрүш, геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казуу;

Нидерланд — маалымат, байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;

Швейцария — пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;

Улуу Британия — геологиялык чалгындоо;

Түркия — курулуш, дүң жана чекене соода, өндүрүш.

КМШдагы өлкөлөр:

Россия — өндүрүш, дүң жана чекене соода;

Казакстан — пайдалуу кендерди казуу, дүң жана чекене соода, геологиялык чалгындоого;

Өзбекстан — дүң жана чекене соода, өндүрүш;

Азербайжан — дүң жана чекене соода.

Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

Баса, өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестиция 1,6 эсеге, башка мамлекеттерден 2 эсеге азайган.

sputnik