Жүрөгү ооругандар кандай тамакка басым жасашы керек. Диетологдун кеңеши

23 сентября 2021 Жүрөгү ооругандар кандай тамакка басым жасашы керек. Диетологдун кеңеши

Адис жүрөк-кан тамыр оорусунан жапа чеккендер биринчи иретте эмне ичип-жеп жаткандыгына көңүл бурушу абдан зарыл экенин эскерткен.

Жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыккандар ден соолугун аксатып албаш үчүн кандай факторлорго көңүл буруусу зарылдыгын диетолог, медицина илимдеринин доктору Михаил Гинзбург айтып берди. Дарыгердин эмнелерди эскерткендигин "Известия" басылмасы жазган.

Доктор жүрөктүн оорусу менен инсульт туура келбеген тамак-ашты жегендиктен да жараларын төмөнкүчө түшүндүргөн.

"Туура эмес тамактанганда кан тамырлардын ичине май туруп калып, ал кандын мээге жетишин жана жалпы эле организмде айланышын начарлатат. Бул — жүрөктүн оорусу менен инсультка алып келүүчү негизги факторлордун бири. Андыктан жүрөк-кан тамыр оорусу менен жапа чеккендер биринчи иретте эмне ичип-жеп жаткандыгына көңүл бурушу абдан зарыл", — деген ал.

Туура келбеген азыктар организмге түшкөндө жогорудагыдай илдети барлардын каны коюуланап кетерин кошумчалаган.

"Булар өтө эле туздуу жана өтө эле таттуу, андан сырткары, куурулган жана майлуу тамак-аштар", — деп санап берген Гинзбург.

Ал эми пайдалуу азыктардын катарына ар кыл мөмөлөрдү, деңиз балыгын, уютулуп жасалган сүт азыктарын, кесек тартылган ундун нанын, гречканы жана сулуну кошкон.

sputnik