Сиз эмнеге убакыт бөлүшүңүз керек? (тест)

23 сентября 2021 Сиз эмнеге убакыт бөлүшүңүз керек? (тест)

Сүрөттөн сизге жаккан жебени тандаңыз. Жооп эмне дейт? Эзотериктер адамдын акылы негизги максатка багытталган жебеге окшош экенин айтышат. Эгер сиз кимдир бирөөнүн абалына байланыштуу оюңузду жана пикириңизди талдап көрсөңүз, анда көйгөйүңүз үчүн керектүү кеңештерди жана маалыматтарды таба аласыз.

Ошентсе да, ою менен сөзү башка адамдар муну түшүнө беришпейт. Ошон үчүн да өзүнө эмне керек экенин билбей башы маң. Эмне кылуу керек?

Эгерде адамдын тили жана жүрөгү бири-бирин "уга" алса, анда алар максатка жетүүгө тоскоол болгон негизги көйгөйдү "көрө алышмак". А бул бизди максатка жакындатат.

Сиз эмнеге умтулуп жатканыңызды билесизби? Муну аныктоого төмөнкү психологиялык сүрөттүү тест жардам берет. Сүрөттөн өзүңүзгө жаккан жебени тандап, комментарий калтырыңыз.

№ 1 ЖЕБЕ

Бул - алтын жебе. Бул каржы маселеси. Маанилүү эмес, башкача айтканда, күткөн нерселериңизди жана көйгөйлөрүңүздү артка калтыра туруңуз. Биринчи кадам – ​​каржы жагына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө күч жумшоо. Алты ай эч кимге карыз бербеңиз жана карыз албаңыз. Жаңы буюм сатып алууну токтотуңуз. Кечелерди, жолугушууларды жана туулган күндөрдү да унута туруу зарыл. Каржылык көйгөйлөрүңүздү эртерээк чечсеңиз, бул жашооңуздун өзгөрүүсүнө таасир этет. Туура, узак мөөнөттүү сезилген максаттарыңыз жакындай баштайт.

№ 2 ЖЕБЕ

Сиз тандаган жебе өзүңүзгө карай багыт алат. Бул "тартипке келтирүү", "көңүл буруу", "өзүңдү таануу" дегенди билдирет. Андыктан акылыңыз, ички сезимдериңиз же денеңиз менен иштешиңиз керек. Бул ашыкча салмактан арылуу, ден соолугуңузду жакшыртуу же айланаңыздагыларга кичине өзүмчүлдүктү көрсөтүү болушу мүмкүн. Ошол эле учурда көптөн бери ойлонуп жүргөн нерселерди үйрөнүү, өнүктүрүү, чыңдоо жана өркүндөтүү зарыл. Албетте, бул сиз үчүн гана. Өзүңүздү колго алыңыз, өзгөрүңүз, ошондо жашооңуз жакшы жакка өзгөрөт.

№ 3 ЖЕБЕ

Үчүнчү жебе - сүйүүнүн жебеси. Көздөгөн максатыңызга жетүү үчүн адегенде "мамиледен" өтөсүз. Андыктан азыр өзүңүз жана жакындарыңыз менен болгон мамилени калыбына келтирүүңүз керек. Жакшы мамиле жана сүйүүсүз өзгөрүү мүмкүн эмес. Балким, бул көптөн бери капа болгон адамдан кечирим суроо же кечирүү... Албетте, мамиледе көйгөйлөр жок дерсиз. Ошентсе да, сиз тандаган жебе: "Айланаңыздагы адамдар менен болгон мамилеңизде сүйүүнүн дозасын көбөйтүңүз" дейт.

№ 4 ЖЕБЕ

Төртүнчү жебе "тобокел" деп аталат. Сиз коркунучтуу, шектүү ойлорду силкип таштап, тобокелге барышыңыз керек. Акыркы убакта эмне жөнүндө ойлонуп жатасыз? Кайсы ишке тайманбас кадам жасоодон коркуп жүрөсүз? Албетте, муну так билүү үчүн ойлоруңузду таразалап көрүңүз. Эгер тапкан болсоңуз, анда тобокелге барыңыз, ойлоно бербей кадам таштаңыз жана баштаңыз. "Тобокелдин түбү - шамал, өтөсүз да кетесиз". Убакытты созбой жасаган тобокелчилик адаштырбайт.

№ 5 ЖЕБЕ

Асманга, бийиктикке багытталган жебе. Бул сиздин жаныңыз эркиндикти, саякатты, тынчтыкты, бир сөз менен айтканда, эс алууну каалайт дегенди билдирет. Оор ойлордон, түйшүктүү суроолордон, нервди чыңалткан абалдан арылуу керек. Ал үчүн 14 күндүк түйшүктүү жумушту жана жашоону унутуп, баарынан алыс болуш керек. Балким жаратылышка, айылга барарсыз. Ошондой эле, бирөөнүн коттеджин эки жумага ижарага алсаңыз болот. Кайсыл жерди тандабаңыз, эч ким сиздин тынчыңызды албашы керек. Телефонуңузду өчүрүп, жалгыз эс алыңыз. Эч кимди жана эч нерсени ойлобоңуз. Энергия чогултсаңыз, жашоо жеңилдей түшөт.