"Талибан"* кыймылы БУУга кат жолдоп, кызматташууга чакырды

22 сентября 2021 "Талибан"* кыймылы БУУга кат жолдоп, кызматташууга чакырды

Буга чейин уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш эл аралык коомчулукту Афганистанды башкара баштаган талибдер менен диалогго барууга чакырган.

"Талибан"* кыймылы БУУга өздөрү менен мамиле түзүү чакырыгы менен кат жолдоду. Бул тууралуу кыймылдын өкүлү Билал Карими РИА Новости агенттигине билдирди.

"Ислам эмирлиги" (талибдер өздөрүнүн саясий сиситемасын ушинтип атап жатышат — ред.) БУУга кат жолдоду. Анда кыймыл мүчөлөрү эл аралык уюмду кызматташууга чакырды. Биз БУУ позитивдүү жооп берип, бирге иштешүүгө шарт түзүлөт деп үмүттөнүп жатабыз", — деди Карими.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында "Талибан"* кыймылы тууралуу сөз болгон. Тагыраагы, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин санкцияларын Афганистандын жаңы бийлигинен алып салуу маселеси азыр талкууланбай турганы айтылган.

Анткен менен буга чейин уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш эл аралык коомчулукту Афганистанды башкара баштаган талибдер менен диалогго барууга чакырган.

2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Афганистанды толук каратып алган. Кийин Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, ушу тапта Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салган.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

sputnik