Түштүк Кореядагы мигранттар Баткенге тез жардам унааларын белек кылды. Сүрөт

22 сентября 2021 Түштүк Кореядагы мигранттар Баткенге тез жардам унааларын белек кылды. Сүрөт

Түштүк Кореянын Инчхон шаарында эмгектенген 25 кыргызстандык техниканы өз каражатына сатып берген. Бул үчүн алар 50 миң доллар сарпташкан.

Түштүк Кореяда иштеп жүргөн кыргызстандыктар Баткен облусундагы ооруканаларга эки тез жардам унаасын белек кылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

© ФОТО / ЗУЛЬФИЯ ТУРГУНОВА

Түштүк Кореяда иштеп жүргөн кыргызстандыктар Баткен облусундагы ооруканаларга эки тез жардам унаасын белек кылышты

Маалыматка ылайык, Түштүк Корея өлкөсүнүн Инчхон шаарында эмгектенген 25 кыргызстандык техниканы өз каражатына сатып берген.

"Автоунаалардын ар бири 17 миң доллардан сатып алынды. Бирок жол киресин кошкондо баасы 25 миң долларга чыккан", — деп айтылат билдирүүдө.

Эми унаалар президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан муктаж болгон райондук ооруканаларга тапшырылат.

Мындан сырткары, мигранттар Тажикстан тарабынан куралдуу кол салууда жабыркаган Баткен элине азык-түлүк жана кийим-кече жиберген.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20210922/1053990969/koreya-migrant-batken-tez-zhardam-belek.html