Аялдын өлүмүнө себепчи болгон мотоциклдин айдоочусу үй камагына чыкты

22 сентября 2021 Аялдын өлүмүнө себепчи болгон мотоциклдин айдоочусу үй камагына чыкты

Сот айыпталуучуга карата мындай чечимди чыгаруудан мурда бир катар жагдайларды эске алганы айтылды. Чечимди Сокулук райондук соту чыгарган.

"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо аялды сүзүп кеткен мотоциклдин айдоочусу үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Сокулук райондук соту кабыл алганын Чүй облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Облустук сотто өткөн териштирүүдө сот айыпталуучунун туруктуу жашоочу жайы бар экенин, жакында ал ымыркайлуу болгонун эске алган. Мындан сырткары, анын кароосунда кары адамдар бар.

"Ал сот жоопкерчилигинен, тергөөдөн качпайт, окуя болгон жерден да кетип калган эмес. Буга байланыштуу аны үй камагына чыгаруу чечими кабыл алынды", — деп айтылат облустук соттун билдирүүсүндө.

Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы 19-сентябра катталган. Облустук милиция адегенде эркек адам каза болгонун билдирген. Кийинчерээк ал 52 жаштагы аял экени аныкталган. Кырсыктан соң ал жерге Учкун-2 конушунун тургундары чогулуп, аэропортко кеткен трассада унаа жарыш уюштурууну токтотууну, мындан сырткары, тиешелүү жол белгилерин орнотууну талап кылышкан. Жол бир нече саатка жабылган болчу.

Аталган факт Жазык кодексинин 297-беренеси ("Жол кыймылы коопсуздугун жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу") менен катталган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, алдын ала маалыматка ылайык, мотоциклчен адам 140 чакырым саат ылдамдыкта келген. 29 жаштагы Н.Ф. аттуу айдоочу Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

sputnik