Аял жеп жаткан гамбургердин ичинен адамдын манжасы чыкты

22 сентября 2021 Аял жеп жаткан гамбургердин ичинен адамдын манжасы чыкты

Боливиянын Санта-Крус-де-ла-Сьерра шаарынын жашоочусу кафеден сатып алган гамбургерден адам манжасын таап алды. Бул тууралуу Market Research Telecast кабарлайт.

Окуяны тергөө кезинде аялдын “Керемет гамбургер” деп аталган тамакка тапшырык бергени аныкталды. Аял гамбургерге тишин матырганда арасынан адамдын сөөмөйү чыккан.

“Бизде гамбургердин ушул мекемеде сатылганын тастыктаган кагаз бар” – дейт керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу Хорхе Сильва.

Алдын ала маалымат боюнча, окуядан эки күн мурда ресторан тармагынын фарш өндүрүшүнө жооптуу кызматкерлеринин бири кырсыктан эки манжасын жоготкон. Кызматкер жеке ооруканага жеткирилген.

Ал киши гамбургер үчүн 45-80 кг эт даярдаган. Мекеменин жетекчилиги окуя болгон күнү даярдалган эттин партиясы конфискацияланганын айтып, бирок ички иликтөө жүргүзүлөрүн жашырышкан эмес.

Аял тамактан манжаны таап алган ресторан жабылып, укук коргоочу эт жөнөтүлгөн 20 мекеменин баарында текшерүү жүргүзүлөрүн кошумчалаган.