Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
16-декабрдан 19-декабрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
17-19-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө жаан жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү пайда болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетет.
Мындай туруксуз суук аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылын кыйындатат.
Дагы: sputnik.kg, фото -© AFP 2018 / VLADIMIR BUGAYEV