Депутат шылуундар бийликтин партиясына кирип алганын айтып, мындан улам жакынкы шайлоо да тополоңго айланат деп божомолдоду.
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов алдыдагы парламенттик шайлоого саткындар менен коррупционерлер кайрадан аттанганын билдирди.
Эл өкүлү мамлекет башчы дагы "шайлоо таза өтсүн, элге берилсин, демократиялык негизде өтсүн" деп БУУнун трибунасынан кайрылып жатканын белгиледи.
"Бирок ошого карабай, кечээ Атамбаев, Жээнбековду саткан саткындар, жайыт, жерлерди саткан коррупционерлер бийликтин партиясына кирип алып шайлоого аттанышты. Бул кетиште жакынкы шайлоо да тополоңго айланганы турат. Бүгүнкү күндө карапайым эл мыкты мугалимди, мыкты дарыгерди, спорт, маданият өкүлдөрүн парламенттен көргүсү келүүдө. Кечээги шылуундардан эл тажап бүткөн", — деди Атазов.
Депутат ушул жана башка маселелер боюнча БШКнын төрайымы келип маалымат беришин талап кылды.