Оренбургда кыргыз аскерлери дасторкон жайып, кара жорго бийледи. Сүрөт

22 сентября 2021 Оренбургда кыргыз аскерлери дасторкон жайып, кара жорго бийледи. Сүрөт

Россияда ШКУнун машыгуусуна төрт миңдей аскер катышууда. Кыргызстандын "Скорпион" атайын багыттагы бөлүгүнөн 100дөн ашуун аскер барган.

Россиянын Оренбург облусунда Шанхай кызматташтык уюмунун машыгуусунун алкагында Кыргызстандын маданият күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МИНИСТЕРСТВА ОБОРОНЫ КР

Россиянын Оренбург облусунда Шанхай кызматташтык уюмунун машыгуусунун алкагында Кыргызстандын маданият күнү өткөрүлдү

Анда кыргызстандык аскерлер концерттик программа даярдап, көпчүлүктүн купулуна толгон кара жорго бийин бийлешкен. Ошондой эле концерттик программада кыргыз, орус жана кытай тилдериндеги ырлар жаңырганы айтылды.

Мындан сырткары, коноктор үчүн майрамдык кечки тамак уюштурулуп, кыргыз ашканасынын салттуу азыгы болгон боорсок, тандыр нан, бешбармак сыяктуу тамактар коюлган.

"Тынчтык миссиясы — 2021" аталышындагы машыгуулар Россиянын Оренбург облусундагы Донгуз полигонунда 11-сентябрда башталган, 25-сентябрда жыйынтыкталат. Ага Россия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстандын 4 миңге чукул аскери катышууда. Машыгууга Ми-8 тик учагы, СУ-24МР чалгындоочу самолёту, СУ-34 истребители жана Ил-76 аскердик-транспорттук учагы тартылган.

Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнөн "Скорпион" атайын багыттагы бөлүгүнүн 100дөн ашуун аскери барган.

Мындай машыгууларды өткөрүүнүн максаты — аскердик башкармалык органдарынын шайкештик деңгээлин жогорулатуу жана эл аралык террордук уюмдардын согуштук аракеттерине каршы аскердик күчтөрдү калыптандыруу болуп саналат.

sputnik