Кардиолог кан басымды көтөрүп жана түшүрүүнүн оңой ыкмасын атады

22 сентября 2021 Кардиолог кан басымды көтөрүп жана түшүрүүнүн оңой ыкмасын атады

Адис адамдар көбүнчө кофе иче турганын белгилеп, бирок мындай ыкма баарына эле пайдасын тийгизе бербей турганын айтты.

Дарыгер-кардиолог Юлия Маршинцева суюктукту көп ичүүнү кан басымды көтөрүүнүн эң жөнөкөй жана жеткиликтүү ыкмасы деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Кан басымды кофе эле эмес, суюктуктун баарын ичүү менен да көтөрсө болот", — деп айткан дарыгер.

Ал адам мындай учурда көбүнчө кофе иче турганын белгилеп, бирок бул ыкма баарына эле пайдасын тийгизе бербей турганын белгиледи. Анын ордуна бир дем менен эки стакан суу ичүүнү сунуштаган.

Ал эми кан басымы жогору адамдарга чөп чай ичүүгө кеңеш берди. Ошондой эле өтө жогору көтөрүлүп кеткен учурда 15 мүнөт жата туруу керектигин эскертти.

sputnik