Зулушевдин сөзүнөн кийин Ташиев Жеенчороевге чалганы белгилүү болду

22 сентября 2021 Зулушевдин сөзүнөн кийин Ташиев Жеенчороевге чалганы белгилүү болду

Бүгүн парламентте тармактык комитеттин жыйынында депутат башкы прокурор ага иш козгоо үчүн УКМК төрагасына команда берип жатканын билдирген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен депутат Мирлан Жеенчороевдин кайым айтышуусунан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эл өкүлүнө телефон чалды. Маалыматты Sputnik Кыргызстанга Жеенчороев өзү тастыктады.

Эл өкүлү "Ташиев ага иш козгоо үчүн кандайдыр бир илинчек изделип жатат" деген кепти төгүндөгөнүн белгиледи.

"Камчыбек Кыдыршаевич менен сүйлөшүп, такташып алдык. Айтылып жаткан кептер жөн гана ушак экени ырасталды", — деди Жеенчороев.

Белгилей кетсек, бүгүн парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат башкы прокурор иш козгоо үчүн УКМК төрагасына команда берип жатканын билдирген.

Ага башкы прокурор "Мен эч кимге команда бербейм. Эгер команда болсо сизге бир нерсе таап коюш оңой эле" деп жооп берген. 

sputnik