4 миң орун. Бишкекте 1,5 жылдан берки алгачкы иш орундар жарманкеси өтөт

21 сентября 2021 4 миң орун. Бишкекте 1,5 жылдан берки алгачкы иш орундар жарманкеси өтөт

Бош орундар жарманкесинде төрт миңден ашуун жумуш сунушталмакчы. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

23-сентябрь күнү Бишкекте иш издегендерге бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктрүү министрлигинин Бишкек шаары боюнча ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Дина Анарбаева кабарлады.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктрүү министрлигинин Бишкек шаары боюнча ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Дина Анарбаева

"23-сентябрда Чоңдорду окутуу ассоциациясы менен биргеликте бош орундар жарманкесин өткөрөбүз. Иш-чара "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдында саат 13.00дө башталат. Ага жумуш берүүчүлөр катышып, Бишкек боюнча 3 миң, өлкө боюнча миңдей жумуш орун сунушталат", — деди адис.

Акыркы ирет мындай жарменке 2020-жылдын февраль айында өткөрүлгөн. Кийин падемиядан улам уюштурулбай келген.

sputnik