Өкмөттө иштеген Венера Рыскулова Ош шаарына вице-мэр болуп дайындалды

21 сентября 2021 Өкмөттө иштеген Венера Рыскулова Ош шаарына вице-мэр болуп дайындалды

Рыскулова министрлер кабинетинин аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүндө эксперт болуп иштеп жаткан.

Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Венера Рыскулова дайындалды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка шаар мэри Алмаз Мамбетов бүгүн, 21-сентябрда, кол койгон.

Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Венера Рыскулова дайындалды

Рыскулова буга чейин министрлер кабинетинин аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүндө эксперт болуп иштеп жаткан.

Венера Рыскулова 40 жашта, Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында туулган. Мурда Улуттук статистика комитети жана өкмөттүн аппаратында эмгектенген.

Эки жогорку билимдин ээси, Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

sputnik