Ишсиз калбайсың! Кыргызстанда тартыш болуп жаткан үч адистик

21 сентября 2021 Ишсиз калбайсың! Кыргызстанда тартыш болуп жаткан үч адистик

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Алканова өлкөдө кайсы адис ээлери тартыш болуп жатканын айтты.

Кыргызстанда бир катар адистиктердин, өзгөчө тигүүчүлөр менен куруучулардын жетишсиздиги байкалып жатат.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Алканова билдирди. Ага кайсы адистиктердин жетишсиздиги өзгөчө байкалып жатканы боюнча суроо узатылган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Алканова

"Мисалы курулуш бизнесинде газ жана электр ширетүүчүлөр абдан керек. Тигүүчүлөр жетиштүү көлөмдө окутулуп жатканы менен бардык жерде тартыш болуп жатканын көрүүгө болот", — деди Алканова.

Ал ошондой эле IT-адистерине талап күч экенин кошумчалады.

sputnik