Алматыда үй ээси атып салган 5 киши: өлгөндөрдүн бири жаңы кожоюн болгон

21 сентября 2021 Алматыда үй ээси атып салган 5 киши: өлгөндөрдүн бири жаңы кожоюн болгон

Алматы шаарында ок атуудан каза болгондордун бири турак жайдын жаңы кожоюну болгон. Бул тууралуу Алматынын акими Бакытжан Сагинтаевге шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү кечки саат алтылар чамасында болгон. Акбулак кичи районунда жашаган тургунду соттун чечимин аткаруу үчүн үйүнөн чыгарганы келген сот аткаруучуларды үй ээси атып салган. Жеринде эки полиция кызматкери, бир сот аткаруучу жана эки жөнөкөй жаран каза болгон.

Маалыматка караганда, үй ээси банкка карызын төлөй албай, тамынан кол жууган. Турак жай үчүнчү тарапка сатылган. Кийин ал үйдү бошотпой жүргөндө жаңы кожоюн сотко кайрылган. Сот анын өтүнүчүн канааттандырган.

"Кечээ аны үйдөн чыгаруу үчүн сот аткаруучу, эки полиция кызматкери жана үйдүн жаңы ээси келген. Ошол учурда 54 жаштагы жаран ок чыгарып, беш киши каза болду. Алардын бири үйдү сатып алган адам болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Ок чыгарган киши ошол замат колго түшүрүлгөн. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, ал 20 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн экени айтылууда.

Шаар жетекчиси каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аларга жардам берилерин кошумчалады.


sputnik