Досуңдун атын жамынып акча сурайт. Милиция телефон шылуундары тууралуу эскертти

21 сентября 2021 Досуңдун атын жамынып акча сурайт. Милиция телефон шылуундары тууралуу эскертти

Облустук милиция аралыктан туруп алдагандардын кылтагына үч киши илинип, бул боюнча сотко чейинки өңдүрүш иштери башталганын билдирди.

Нарын облустук милициясы акыркы убакта интернет жана телефон аркылуу алдамчылыкка кабылгандар көбөйгөнүн айтып, сак болууга чакырды.

Ага ылайык, учурда облус аймагында алдамчылыктын мындай түрү менен үч кишиден арыз жана даттануу түшүп, сотко чейинки өңдүрүш иштери башталган.

"Нарын ОИИБ тургундарын жана конокторун этият болуп, интернеттеги шек жараткан шилтемелерди жайылтпоого жана белгисиз чалуулар менен билдирүүлөрдү текшерүүгө чакырат", — деп жазылган маалыматта.

Шылуундар адатта ишеничке кирүүнүн айла-амалын көрөрүн эскертишти.

"Чалган адамга ар кандай утуштарга ээ болгонун кабарлап, байгени алуу үчүн акча которууну же банктык картанын номерин берүүнү суранат. Кээде жарандардын туугандарынын жана досторунун атын жамынып, оор абалга кабылганын айтып тез арада акча которуусун айтат", — деп жазылган билдирүүдө.

Нарын ОИИБ белгисиз номерлерден билдирүүлөр жана чалуулар түшсө 102 номерине байланышууну өтүндү. Ошондой эле мүмкүн болсо далилдерди сактап калуу керектигин айтты.

sputnik