Аялдын төшүндө ушул белги байкалбаса, жыныстык катнаш ЖАКШЫ БОЛБОЙТ

21 сентября 2021 Аялдын төшүндө ушул белги байкалбаса, жыныстык катнаш ЖАКШЫ БОЛБОЙТ

“Жууркан астында” абалыңыз жакшы эмес экенин билдирген 5 белги.

Жыныстык катнаштан ырахат ала албасаңыз, демек... Либидо жок болсо адамды аял менен эркек деп бөлүүнүн деле кажети жоктур?! Ал эми анын жашоого болгон таасири кандай?

Алгач либидонун эмне экенин эске салалы. Ал – инстинкт, түгөйүнө болгон адамдын сексуалдык каалоосу. Адамда өспүрүм кезинде пайда болуп, жашоосунун аягына чейин уланат. Ошондой эле, каалаган куракта жоголуп кетиши да мүмкүн.

Жоголуп кетүүдөн мурда ушул либидонун көйгөйү да жетиштүү. Балким, маани бербей же убактылуу деп ойлоп жүргөн болсоңуз, төмөндөгү беш белгиге көңүл буруңуз. Эгер бул учурлар кездешип жатса, демек сиздин сексуалдык каалооңуз күмөн жаратат.

№ 1 Белги

Жыныстык катнашта денеңиз такыр жооп бербейт. Жада калса, жыныс мүчөнүн кирүү учурунда же пенис менен байланышкан учурда эч кандай сезим болбойт.

№ 2 Белги

Жыныстык катнаш менен такыр алектенгиңиз келбейт. Күйөөңүздөн дайыма өзүңүздү алып качып, төшөктө катнаш болбош үчүн түрдүү шылтоо ойлоп табасыз.

№ 3 БЕЛГИ

Жыныстык катнаш учурунда кындан суюктук бөлүнбөйт. Кургак болгондуктан катнаш учурунда ооруксунтуп, кайра жакындоону каалабайсыз.

№ 4 БЕЛГИ

Кандай позада жасалса да интимдик көз ирмемдер эч кызыгуу туудурбайт. Ал тургай таасир этпейт.

№ 5 БЕЛГИ

Денеңизде дүүлүгүнүн эч кандай белгилери билинбейт. Мисалы, клитордун шишиши, эмчектин учунун торсоюшу, жыныс мүчөнүн оозунун шишиши сыяктуу өзгөрүүлөр жок. Ошондой эле, түгөйүңүз менен жакындашканда дем алууңуз катуулабаса жана жүрөктүн согушуда артпаса, демек абал жакшы эмес.

Тез арада атайын адистин жардамына кайрылып, мээдеги турмуштук маселелерден арылуу керек. Ошол сыяктуу мээ менен денени чогуу эс алдырып, атайын фильмдерди да көрүп байкоого болот. Мунун баары жардам бербесе, дарыгерге кайрылып, психологдун кабыл алуусунан өткөн туура. Кандай болгондо да аялдагы каалоонун жоюлушу анын жашоосунда да, андан ары ден соолугуна да терс таасирин тийгизбей койбойт.