"Кумтөр": Нью-Йорк соту тетик сатып алуу боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн четке какты

20 сентября 2021 "Кумтөр": Нью-Йорк соту тетик сатып алуу боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн четке какты

Нью-Йорктун Түндүк округунун банкроттук боюнча соту Кыргызстан өкмөтүнүн кенде иштеп жаткан жабдуулар үчүн маанилүү тетиктерди алып келүү өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу Sputnik редакциясына соттук документтерди карап чыккан соң белгилүү болду.

Соттук отурум 15-сентябрда видеоконференция режиминде өтүп, ага Лиза Г. Бекерман судьялык кылды.

Документтеги маалыматтарга караганда, Caterpillar жүк ташуучу унаалары үчүн тетиктерге Centerra Gold Inc. компаниясынын Kumtor Gold Company туунду ишканасы тарабынан кен тышкы башкарууга алынганга чейин буюртма берилген. Сырткы башкарууга алуу чечими чыккан учурда товар жолдо болчу. Ушул тапта тетиктер Латвия менен Нидерланддардын портунда сакталып турат.

"Сөз болуп жаткан тетиктер чет мамлекеттерде гана өндүрүлөт. Кендин ишинин уланышы үчүн алар абдан зарыл болуп турат. Учурда көптөгөн тетиктер жетишпей жатат", — деп түшүндүрүштү кыргыз өкмөтүнүн жактоочулары.

Arnold & Porter Kaye Scholer LLP компаниясынын юристтери тетиктер кен тышкы башкаруу башталганына карабай убагында жеткирилиши керектигин айтууда.

Анткен менен судья Бекерман Kumtor Gold Company (Centerra тараптан) ишканасынын юристтери компания кенге ээлик кылбагандыктан, товарды өндүрүүчүгө кайтарып берерин айтканын билдирди. 


sputnik