Диетолог кофени кайсы маалда ичпеш керектигин айтты

20 сентября 2021 Диетолог кофени кайсы маалда ичпеш керектигин айтты

Көбү таңды кофеден баштайт, бирок аны ачкарын эмес тамактан кийин ичүү зарыл. Бул тууралуу врач-диетолог, нутрициолог Ирина Лизун билдирди. 

Анын айтымында, бул ичеги-карын менен ашказан ооруларын алдын алат.

"Кофе туз кислотасынын бөлүнүп чыгышын шарттайт. Аны ачкарын ичсеңиз ашказан тамакты сиңире турчу ширесин бөлүп чыгара баштайт, бирок курсакта эч нерсе жок да. Ичеги-карын оорулары бар адамдарга, ашказанынан ашыкча кычкыл бөлүнүп турган кишилерге жана гастрит менен жабыркагандарга ыңгайсыздык жаратып, оорутуп, зарна кылышы мүмкүн", — деди диетолог.

Ошондой эле ал түштөнүүнү да бир чыны кофеге алмаштыруу туура эмес экенин айтып, күндүн жарымында адам күч-кубат бере турчу тамактардан жеши керектигин айткан.

Кофени тамактанып жатканда же андан кийин, болбосо шам-шум катары бир нерсе менен кошо ичүү керектигин билдирген. Ошондой эле кофени жатарга 3-4 саат калганда колдонбой эле койгон туура экенин кошумчалаган. 


sputnik