Ош шаарында төкмө акындардын айтышы өтөт

20 сентября 2021 Ош шаарында төкмө акындардын айтышы өтөт

Ош шаарында 23-сентябрда республикалык төкмө акындардын "Ак таңдай-2021" деп аталган айтышы башталат. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы социалдык тармактагы баракчасына чыгарды.

ВИДЕО

Бул сынак "Алтын комуз" байгесине арналганы айтылды.

"22-сентябрда "Санжыра" эс алуу жайында тандоо туру, ал эми 23-сентябрда Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында "Ак таңдай-2021" республикалык төкмө акындардын айтышы башталат", — деп жазылган маалыматта.

Мэрия шаардыктарды жана анын конокторун акындарды колдоп жана айтыштан эргүү алып кетүүгө чакырды.

Ага тиркелген жарнама видеодо Мамлекеттик тил күнү жана Ош шаарынын күнүн утурлай уюштурулган бул иш-чараны "Ак таңдай" коомдук фонду, Ош шаардык мэриясы жана ЭлТР каналы биргелешип уюштургандыгы кабарланган.


sputnik