Конор Макгрегор сыйлык тапшыруу аземинде рэперге атырылып, чыр чыгарды. Видео

13 сентября 2021 Конор Макгрегор сыйлык тапшыруу аземинде рэперге атырылып, чыр чыгарды. Видео

UFC уюмунун эки салмактагы экс-чемпиону Конор Макгрегор Бруклинде өткөн MTV Video Music Awards иш-чарасында Machine Gun Kelly деген ысым менен таанымал америкалык рэпер Колсон Бэйкер менен чырдашты. Бул тууралуу TMZ порталы жазды.

ВИДЕО

Маалыматка караганда, Макгрегор ырчы Machine Gun Kelly менен чогуу сүрөткө түшүүнү өтүнгөн. Рэпер баш тарткандан кийин мушкер ага стаканды ыргыткан. Чыр күч алып, Макгрегор ырчыны көздөй атырылганда жан сакчылар токтотуп калган.

ВИДЕО

Айрым маалыматтарда ырчы америкалык актриса Меган Фокстун жигити экени, иш-чарада кино жылдызы аны коштоп жүргөнү айтылат.

Ал эми Конор кийинчерээк журналисттерге MGK ким экенин тааныбай турганын, эмне болуп кеткенин түшүнбөй да калганын айткан.

Окуя 13-сентябрга караган түнү Бруклиндеги Barclays Center аренасында болгон.

Эске салсак, Конор Макгрегор үч жыл мурда аталган жердеги унаа коюучу жайда UFC мушкерлери келе жаткан автобуска кол салып чыр чыгарган.


sputnik